Жаңылыктар
Таластагы жол кырсыгы энеси менен уул-кызынын өмүрүн алды
Кыргызстан жаңылыктары
Таластагы жол кырсыгы энеси менен уул-кызынын өмүрүн алды

Бүгүн эртең менен Талас шаарында болгон үрөй учурган жол кырсыгынын чоо-жайы такталды.

Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн тескөөчүсү Айдар Иманалиевдин УТРК Таласка билдиргенине караганда, кырсык эртең мененки сегиздер чамасында Айтматов жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта каршы тилкеге чыгып, жөө адамдар өтчү өтмөктөн бир келинди кызы жана уулу менен кошо коюп кетип, андан ары жол чыракка токтоп турган эки автоунааны сүзүп токтогон.

Машина коюп кеткен келин эки кызы менен ошол жерде каза болгон. Ал Талас шаарынын 31 жаштагы тургуну экени, жетелеп бараткан уулу 4, кызы 6 жашта экени такталды. Келин балдарын бала бакчага алып бараткан экен.

Тиешелүү органдар кырсык боюнча тергеп-тескөө иштерин жүргүзүүдө.