Жаңылыктар
Садыр Жапаров иш сапары менен Татарстанга жөнөп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр  Жапаров иш сапары менен Татарстанга жөнөп  кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Татарстан Республикасына (Казань шаары) жөнөп кетти.
 
 Расмий делегациясынын курамындагылар: 
 
 – Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
 
 – Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
 
 – Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаев.
 
Эскерте кетсек, алдыдагы саммиттин жүрүшүндө көп тараптуулукту бекемдөөгө, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.