Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарындагы депутаттыкка 7 партия ат салышууда
Саясат
 Жалал-Абад шаарындагы депутаттыкка 7 партия ат салышууда

Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайлоо жана референдум белгиленген. 

Учурда даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Облуст боюнча шайлоо участкалары даярдалып бүттү. 

Алынган маалыматка таянсак добуш берүү башталгандан саноо иштери бүткөнгө чейин милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. 

Ал эми Жалал-Абад шаарындагы депутаттыкка 7 партиядан 422 талапкер 31 мандат үчүн ат салышууда. 

11-декабрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго карата жер-жерлерде даярдыктар көрүлүп жаткан учур. 

Ал эми Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу жана Көк-Жаңгак шаарларында бул күнгө чейин шайлоолор өткөндүктөн 11-декабрда шайлоо болбойт. 

Учурда облуста шайлоо өтүүчү жайлар 363 болсо андагы комиссия курамы 3837ни түзөт. Ал эми жалпы шайлоого катышууга 1414 мандат катталды. 

Талгат Бакиев, "Биринчи радио"