Жаңылыктар
Бишкектеги Батыш автобекети ишин токтотту
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги Батыш автобекети ишин токтотту

Бүгүн, 23-октябрдан тарта Батыш автобекети менен анын аймагындагы «Акжол» кичи автобекетинин иши токтотулганын Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Автобекеттен жасалчу каттамдар эми айланма жол менен Алматы көчөсү кесилишкен тараптагы "Бишкек автобекетине" көчүрүлдү. Бул автобекет эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт. 

Учурда борбор калаанын тургундарына жана конокторуна ыңгайлуу болуш үчүн Батыш автобекетинен атайын автобус каттамы уюштурулуп, жаңы вокзалга жүргүнчүлөрдү ташуу иштери жүргүзүлүүдө. 

Бишкектеги ишин токтоткон Батыш автобекети 1980-жылдардын башында курулган эле.