Жаңылыктар
"Бучук" кениндеги алтын комбинаты сыноо режиминде ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
 "Бучук" кениндеги алтын комбинаты сыноо режиминде ишке кирди

Солтон-Сары жайлоосундагы "Бучук" кенинде алтын комбинаты сыноо режиминде ишке кирип, кыргыз-кытай биргелешкен “Жонг Жи Майнинг” компаниясы эксперименталдык өндүрүш ишмердигин баштады.

Иш-чарага дубан башчы Алтынбек Эргешов, "Чайна Голд" компаниясынын президенти Ин Жан Бо, кыргыз-кытай биргелешкен “Жонг Жи Майнинг” компаниясынын жумушчулары жана Нарын районунун тургундары  катышты.

2022-жылдын 27-июнунда Президент Садыр Жапаров Солтон-Сарыдагы “Бучук” кенинде болуп, мамлекеттик органдар, инвесторлор жана жергиликтүү эл менен жолуккандан кийин кыргыз-кытай биргелешкен “Жонг Жи Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомунун кенди иштетүү ишмердүүлүгүн улантуусу боюнча чечим кабыл алган. Аталган компания менен жер кыртышын бузбастан алтын кенин иштетүүгө уруксат берилип, жергиликтүү тургундар үчүн жыл сайын 50 миллион сомдон социалдык пакет төлөнө турганы макулдашылган.

2022-жылдын 22-августунан баштап мыйзамда каралган бардык талаптарды аткаруу менен курулуш иштерин баштоого уруксат берилген.  Компания курулуш жылдарында жалпысынан 12 миллиард сомдон ашык инвестиция салды. Анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык жана башка төлөмдөрдү төлөдү.  Ал эми Миң-Булак айыл өкмөтүнүн Өнүктүрүү фондуна соцпакет катары 150 миллион сомдон каражат түштү. Аны менен бир катар социалдык-инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда.

Эң негизгиси жумуш орундары түзүлүп, учурда компанияда 350дөн ашык адам эмгектенип жатат. Анын басымдуу көпчүлүгү жергиликтүү тургундар.  Комбинат ишке кирсе жумуш орундары мындан дагы көбөйөт.

“Жонг Жи Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун милдетин аткаруучу Гао Цзан мырза компания “Бучук“ алтын кенин иштетүүдө Кыргыз Республикасынын баардык мыйзамдарын, укуктук милдеттер менен ченемдерди так сактоо менен, айрыкча, экологиялык коопсуздукту башкы орунга коюп, “Таза технологиялар менен табиятка аяр мамиле жасоо” ураанын карманаарын билдирди.

“Кытай-кыргыз мамлекеттер аралык мамилелерди жаӊы деӊгээлге чыгарып, эки элдин достугу менен ынтымагын арттырууда компания үлгү болобуз деген ниетте турабыз. Биз жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык шарттарын жакшыртуу менен бирге облус, райондордун экономикалык жактан алдыга жылуусуна ниеттеш экенибизди, келишимдерге ылайык камкордугубузду аябай турганыбызды билдиребиз. “Бучук” кени эки элдин экономикалык бакубатчылыгына гана иштеши керек деген ойдобуз”, - деди ал.