Жаңылыктар
Өлкө экономикасы тездик менен өсүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө экономикасы тездик менен өсүүдө

Ички дүң өнүмдүн көлөмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу Кумтөрдү эске албаганда 8% жогорулады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Биринчи радиодогу маегинде билдирди.

– Акыркы жылдары ИДПнын көлөмү 8% жогору болуп жатат. Бул Кумтөрдү эске албагандагы көрсөткүч. Башка кен казуучу ишканалардын өндүрүштүк кубаттуулугу да жанданды. Маселен, Жерүй, Макмал, Талды-Булак, Иштамберди, Терек-Сай, Бозумчак ишканалары ишке киргизилип, алтын өндүрө башташты.

Январь айынан бери ички дүң продукциянын көлөмү 951,8 млрд. сомду, ал эми өсүү темпи 108,4 пайызды түздү. Бул мурунку жылдын декабрь айына салыштырмалуу 103,4 пайызга жогору.

Анын ичинде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 104,3%, айыл чарба 106,7%, курулуш 136,9%, ал эми кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 107% пайызды түзүүдө.