Жаңылыктар
Беларуста Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Беларуста Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Кара-Кыргыз автоном облусунун тузүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 24-27-октябрь күндөрү Беларустун Минск шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Маданият министрлигинен билдиришкендей, бул кыргыз-беларус мамилелеринин тарыхында биринчи ирет болуп жатат.

Анын алкагында кыргыз кино күндөрү ачылып, көрүүчүлөр кыргыз режиссерлорунун заманбап фильмдерин көрө алат. Кыргызстандын материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарын чагылдырган көркөм көргөзмө уюштурулат.

Ошондой эле илимий жана чыгармачылык интеллигенциянын форуму өткөрүлүп, эки өлкөнүн көрүнүктүү коомдук жана маданий ишмерлери катышат. Программаны Беларус мамлекеттик филармониясында кыргыз искусствосунун чеберлеринин гала-концерти жыйынтыктайт.