Жаңылыктар
Бишкектеги жаңы автобекетке №13 автобус каттай баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги жаңы автобекетке №13 автобус каттай баштады

Бишкекте бүгүндөн тарта №13 муниципалдык автобус каттамы ишке киргенин шаар мэриясынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, автобус Алматы көчөсү 1/1 дарегинде жайгашкан “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы жана Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан батыш автобекети багыты боюнча каттамды аткарат. Жол кире накталай эмес түрдө 17 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, 23-октябрдан тарта батыш автобекети, анын ичиндеги "Акжол" кичи автобекети ишин толугу менен токтотуп, аны көчүрүү боюнча иш башталган.

Төмөндө жаңы ачылган №13 муниципалдык автобус каттамынын кыймыл чиймеси: