Жаңылыктар
Медербек Сатыев Жогорку Сот төрагалыгына дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Медербек Сатыев Жогорку Сот төрагалыгына дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңы дайындалган төрага Медербек Сатыевди Жогорку Соттун жамаатына тааныштырып, аны Жогорку Соттун төрагалыгына дайындоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын окуп берди.

Акылбек Жапаров Медербек Сатыев 1995-жылдан бери сот тармагында иштеп келгенин Президенттин Администрациясында да иштеген кесипкөй адис экенин белгиледи.

Жогорку Кеңеш бир күн мурда бул кызматка сунушталган Медербек Сатыевдин талапкерлигин колдогон. Медербек Сатыев парламентте сөз сүйлөп, ишенимди актоого, эл жана мамлекет үчүн иштөөгө бар күчүн жумшай турганын айткан.

Медербек Сатыев 1974-жылы Ош шаарында туулган. КУУнун юридика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1995-жылы Ош облустук сот департаменти бөлүмүнөн баштаган. Кийинчерээк Бишкек шаардык сотунда судья болгон.

2022-жылы октябрынан тарта Сот департаментинин директору болуп иштеген, 2024-жылдын башында Жогорку Соттун судьясы болуп шайланган.