Жаңылыктар
Өрт кырсыктары 30 өмүрдү жалмады
Кыргызстан жаңылыктары
Өрт кырсыктары 30 өмүрдү жалмады

Кыргызстанда өткөн 9 айдын ичинде өрт кырсыгынан 30 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн Биринчи радионун “Маанилүү маек” уктуруусунда ӨКМдин өрт өчүрүү жана өрттүн алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Асхат Муканов билдирди.

Анын айтымында, 30 адамдын 27си турак үйдөн чыккан өрттөн каза болгон.

– Биздин статистика боюнча, 9 айда 2274 өрт кырсыгы катталды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 13% аз. Өрт катталган учурлар көбүнчө кыш айларында болот. Көбүнчө өрт турак үйлөрдөн чыгат. Буга адамдардын өздөрүнүн шалаакылыгы себеп болууда. Быйыл 30 өрт кырсыгынан 30 адам каза болсо, анын 27си эле турак үйдөн чыккан өрттөн каза болгондор.

Былтыр 9 айда 2636 өрт кырсыгы катталган. Анын кесеппетинен 28 адам каза тапкан.