Жаңылыктар
Бишкекте 2500 үй-бүлө үйлүү болот
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 2500 үй-бүлө үйлүү болот

Ноябрь айынан тарта Бишкектеги 2500 үй-бүлө турак жайлуу болот. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада 9895 үй-бүлөгө батир курулууда. Ошондой эле жакында «Ынтымак конушунда» 8100 батир салына баштады. 2-3 жыл аралыгында Бишкек шаарында кезекке турган бардык жарандар батир менен камсыз болот.

Учурда өлкө боюнча 610 турак жайдын курулушу жүрүп жатат. 32 777 батирлүү турак жай салынып жатат. Жалпысынан алардын аянты 2 млн. 600 миң чарчы метрди түзөт.

Турак жай алуучуларга мамлекеттик ипотекалык үйлөр 4% менен, ал эми 50 пайыздык үлүш менен алгандарга 8% менен берилет.