Жаңылыктар
Дубайда кыргызстандык жаран дайынсыз болууда
Кыргызстан жаңылыктары
Дубайда кыргызстандык жаран дайынсыз болууда

Дубайда кыргызстандык жаран дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кыргызстандын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу дайынсыз болуп жаткан жаранды издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен ыйгарым укуктуу органдарына кайрылган.

Жоголгон жарандын туугандарынан алынган акыркы маалымат боюнча, аталган жаран Дубай шаарынын аэропортунда болгон жана чет жакка учууну пландап жаткан. Башкы консулдуктун кызматкерлери Дубай шаарынын иммиграция бөлүмүнөн аталган жаран Бириккен Араб Эмираттарынын аймагынан чыкпагандыгын аныкташкан.

Учурда дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө иштери уланууда. Дубай шаарынын ыйгарым укуктуу органдары дайынсыз жоголгон жарандын туугандары менен байланышта турат.