Москва шаарынын мэри Сергей Собянин кыргызстандык мигранттар бийликтин көйгөйү экенин айтты. Мер Москвада мыйзам бузуп жүргөн мигранттардын 40 пайызы эмгек келишими жок иштеп, 90 күнгө чейин каттоосуз жүргөн мигранттар, алардын басымдуу көпчүлүгү кыргызстандыктар деп билдирген. Бул тууралуу “Интерфакс” басылмасы жазып чыкты. Шаар башчынын айткандары бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугунда кызуу талкууга алынууда. Алтурсун буга Кыргызстандын Россиядагы элчилиги дагы жооп узатты.
Тактап айтканда, элчилик Кыргызстандын жарандары каттоого турууда, алар менен мыйзамдуу эмгек келишим түзбөө маселелери боюнча кыйынчылыкка дуушар болуп жаткандыгын айтышат. Мыйзамсыз миграциядан арылуу үчүн жумуш берүүчүлөрдүн да жоопкерчилигин көзөмөлдөө зарыл. Россиянын эмгек кодексин бузуу менен алар салык төлөөдөн жана мигранттарды жумуш орду боюнча каттоодон баш тартышууда,-деп билдирет элчилик.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"