Жаңылыктар
Электрондук акча которууларда эми комиссиялык төлөм алынбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Электрондук акча которууларда эми комиссиялык төлөм алынбайт

Кыргызстанда мобилдик тиркеме жана интернет-банкинг аркылуу өлкө ичинде сом менен акча которгондо кызмат көрсөтүүлөр үчүн жеке кардарлардан комиссиялык акы алууга 2025-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу тыюу салынды. 

Бул боюнча Улуттук банк башкармалыгынын “Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” токтому 23-октябрда кабыл алынды. Токтом Улуттук банктын сайтына 24-октябрда жарыяланды.

Анда бул чара калктын бардык катмары үчүн банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана банк секторуна санариптик технологияларды киргизүүнү тездетүүгө өбөлгө түзөрү айтылат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мекеменин сайтына жарыяланган маалыматка караганда, эми бул токтомго ылайык, коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары Кыргызстандын ичиндеги эсептерге сом акчасын чөнтөк телефонундагы тиркеме же банкинг аркылуу которгон жарандарга көрсөткөн кызматы үчүн алардан акча кармап калбашы керек болот.