Жаңылыктар
56 миңден ашык жаран “кызыл китепке” ээ болду
Кыргызстан жаңылыктары
56 миңден ашык  жаран “кызыл китепке” ээ болду

Бүгүнкү күнгө чейин өлкө боюнча турак үйлөр салынган жерди мыйзамдаштырып берүү боюнча 150 миңден ашык жаран арыз менен кайрылган.  Анын ичинен 56 миңден ашыгына кызыл китеп берилген.

Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башкы адиси Ринат Алыкулов Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Ал эми техникалык паспорт алган жарандардын саны 35 миңден ашкан. Ринат Алыкулов белгилегендей,  жер мунапысына байланыштуу арыздарды кабыл алуу уланууда.

Кыргызстанда миңдеген гектар жерлер кагазда айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен иш жүзүндө үйлөр салынып, ондогон жаңы конуштар пайда болгон. Алардын көбү Бишкектин тегерек четинде.

Айрыкча 2005, 2010-жылдардагы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алынган жерлер кийин ар кимге сатылып кеткен.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок курулуш түшүп калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр кирген.