Жаңылыктар
Футбол боюнча улуттук курама Йемен менен беттешет
Кыргызстан жаңылыктары
Футбол боюнча улуттук курама Йемен менен беттешет

Бүгүн U-17 Азия кубонунун тандоо оюндарынын алкагында футбол боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы Йемендин командасы менен беттешет.

Маалыматка караганда, оюн Вьетнамдын Вьетчи шаарынын Vie Tri стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат. Игорь Никитиндин жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы I тайпасында Мьянма, Йемен жана Вьетнамдын курамалары менен жайгашкан.

Буга чейин курама команда 23-октябрда Вьетнам менен ойноп, беттеш тең чыгуу менен жыйынтыкталган.