Жаңылыктар
Аскат Алагөзов: Гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок
Кыргызстан жаңылыктары
Аскат Алагөзов: Гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок

"Мамлекеттик гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок", - деп жазды президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына.

"Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бүгүн парламенттеги иш-чаранын жүрүшүндө: “Гимнди кабыл алганда Советтер Союзунан чыккан убак болгон. Азыр биз бутуна толук турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошол үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек. Бардык кыргыз эли ырдай турган гимн болушу керек”,- деген билдирүүсүн спикердин жеке пикири катары гана кабыл алуу керек деп эсептейбиз", - деди ал.

Анын айтымында, анткен менен бул пикир коомчулукта, социалдык тармакта азыр эле кызуу талкууга жол ачты.

"Эгерде мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор мамлекетибиздин гимнин ийине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек. Бул болсо бир топ убакытты алат. Андыктан азыр гимн өзгөрөт экен деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок. Көпчүлүк эл колдобосо азыркы гимнибизди өзгөртүүгө деле зарылдык болбойт", - деп жазды президенттин басма сөз катчысы

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 25-октябрда парламентте Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып: “Биз гимнди өзгөртөбүз. Себеби, гимнди кабыл алганда Советтер Союзунан чыккан убак болгон. Азыр биз бутуна толук турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошол үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек. Бардык кыргыз эли ырдай турган гимн болушу керек”, - деп айткан.