Жаңылыктар
Бишкекте жаңы автобекеттин курулушу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте жаңы автобекеттин курулушу башталды

Бишкекте жаңы автобекеттин курулушу башталганын бүгүн Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

«Урматтуу туугандар, Бишкек  шаарынын жашоочулары. Биз жаңы автобекетти кура баштадык, ага чейин убактылуу пайдаланып турууга автобекетти мэрия даярдаган. Эки күндөн бери эле “кокуй  автовокзалдын абалы ушулбу!” - деп талкуу жараткан блогерлерди байкап жатам.  Башка өлкөнүн вокзалдары менен салыштырып, шылдыңдоо кылгандар дагы бар. Элге  шарт түзөлү, жаңы куруп берели деген максаттарыбызды, айрымдар бурмалап тепкиге алып жатасыздар. Мындай кылбаңыздар, уят туугандар. Андан көрө элдин кызыкчылыгына  багытталып жасалган жумуштарды колдоп турбайсыздарбы? Сабыр кылып турсаңыздар, урматтуу президентибиз тапшырма койгон, кийинки жылы жаркыраган автобекеттүү болосуздар», — деп жазды ал.23-октябрда Батыш автобекети менен анын аймагындагы «Акжол» кичи автобекетинин иши токтотулган.

Өлкөнүн чыгыш тарабына кетчү каттамдар Алматы көчөсү менен айланма жол кесилишкен тараптагы "Бишкек автобекетине" көчүрүлгөн.

Ал эми түштүк жана батыш багытындагы каттамдар азырынча Бишкектин четиндеги жаңы салынып жаткан ипподром жактан кетет.