Жаңылыктар
Нарында төрт заводдун курулушу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында төрт заводдун курулушу башталды

Нарын районунда “Нарын шумкар” авто унаа куроочу, “Нарын чырак” диоддук лампа өндүрүүчү, “Нарын кагаз” кагаз чыгаруучу жана “Нарын алгыр” айыл чарба дрондорун өндүрүүчү ишканалары курулат. Аталган өндүрүш ишканалары Кур-Терек аймагындагы “Нарын СЭЗ – Кашкар СЭЗ” индустриялык паркында жайгашат.


Бүгүн, 25-октябрда Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын кызматташтыгындагы “Эки өлкө, эки парк” долбоорунун алкагында  салына турган курулуштардын башталышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, мезгил кутучасын салды.  Мындан тышкары тарыхый иш-чарага дубан башчы Алтынбек Эргешов, кытай инвесторлору, Нарын районунун коомчулугу күбө болушту.

“Бүгүнкү иш-чара биздин коңшубуз Кытай Эл Республикасы менен болгон мамилелердин жаңы, жогорку деңгээлге чыкканынын белгиси. Президент Садыр Жапаровдун былтыр Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен тарыхый сүйлөшүүлөр болуп, анын жыйынтыгында жаңы доордогу стратегиялык өнөктөштүк декларациясына кол коюлуп, бүгүнкүдөй кадамдарга жол ачылган. Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүндө 128 объект ачылса, ал эми Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөн күнүнө карата 14-октябрга карата дагы 45 объект ишке берилди. Жылдын аягына чейин дагы 100 объектти ачуу пландалууда. Ачылган ишканалардын көбү өндүрүштүк, анын ичинде Ат-Башы эл аралык соода-логистикалык борборундагы “Нарын мото” компаниясы, мык чыгаруучу завод жана башка ишканалар”, - деди Акылбек Жапаров.


Курулушу башталган “Нарын шумкар” автоунаа чогултуучу заводуна 130 миллион АКШ долларына барабар инвестиция жумшалат. Завод курулуп бүткөндө миңден  ашык жумуш орундары түзүлүп, жылына 20 миңден ашык автоунаа куралып чыгары пландалууда.

 “Нарын чырак” диоддук лампа өндүрүүчү заводуна 10 миллион доллар инвестиция жумшалып, жылына 30 миллион даана лампа чыгаруу, болжол менен 200 жумушчу ордун түзүү мерчемделүүдө.

“Нарын кагаз” даарат кагазын жана салфетка чыгаруучу заводунун курулушуна 10 миллион доллар инвестиция салынат. Бул заводдо 100дөн ашык жумуш орундары түзүлүп, жылына 6 миң тонна кагаз продукциясы өндүрүлөөрү күтүлүүдө.

“Нарын алгыр технолоджи” ишканасында айыл чарбасына багытталган дрондор чыгарылат. Бул жерде дагы 50дөн ашык жумуш орду түзүлөт. 10 миллион доллардан ашык инвестиция жумшалат. Заводдордун курулуш иштери 2025-жылдын май айында аяктары пландалууда.