Жаңылыктар
Нарында “Теңир-Тоо Сити” турак-жай комплексинин курулушу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында “Теңир-Тоо Сити” турак-жай комплексинин курулушу башталды

Нарын шаарынын  “Шаарча” чөлкөмүнө 10 кабаттуу “Теңир-Тоо Сити”  турак-жай комплекси курулат. Мындай ири долбоор  Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн  “Нарын-Реновация” программасынын алкыгында ишке ашып жатат.

Теңиртоолуктарды турак-жай менен камсыздоо, шаарды бийигинен өстүрүү менен инфратүзүмүн жакшыртуу максатында демилгеленген долбоор алкагында алты блоктон турган 10 кабаттуу турак-жайда  422 батир болот. Бул үчүн  2 миллиард 500 миллион сом жумшалат.

Бүгүн, 25-октябрда аталган турак-жай комплексинин курулушун баштоо аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, мезгил кутучасын салды. Иш-чарада алгач “Тенир-Тоо Сити” кыймылсыз мүлк компаниясынын президенти Ли Жиангуо мырза катышып, эки өлкөнүн кызматташтык мамилелери жана турак-жайдын курулушу боюнча маалымат берип, Кытайдын эң алдыңкы технологияларын Кыргызстанга  алып келүү менен өлкөнүнүн өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошууну максат кылып жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдө экономика тармагы өрүш алып жатканын белгилеп, анын ичинде Нарын облусу дагы өнүгүүгө кадам алганын кошумчалады.

“Бүгүн биз төрт заводду, ошондой эле турак жай комплексин жана калкты тейлөө борборун куруу үчүн капсула салдык. Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, жашоочуларды турак-жай менен камсыз кылуу жана шаардын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында жер бөлүнгөн, куруучу – Кашкар шаарынан “Цзиньюань Фанди” курулуш компаниясы. Турак-жай комплекси он кабаттуу 6 блоктон турат. Компания өкүлдөрү бир жылдын ичинде сапаттуу, заманбап турак жайларды куруп бүтүрүүгө убада беришти. Мындан тышкары, ушул эле компания бардык мамлекеттик кызматтарды камтыган административдик имаратты куруп, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт”, - деди Акылбек Жапаров.

Маалыматка караганда, курулуш 2025-жылдын апрель айы менен башталып, 16 айда бүткөрүлөөрү пландалууда.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кытай Эл Республикасынын Кашкар шаарындагы “Цзиньюань Фаңди” курулуш компаниясы менен келишим түзүлгөн. Ошондой элк ушул эле аймакка 3 кабаттан турган Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунун имараты курулат. Бир имаратта жайгашкан мамлекеттик кеңселер калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүнү жакшыртат.