Жаңылыктар
Кой жүнүнөн жер семирткич өндүрүлө баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Кой жүнүнөн жер семирткич өндүрүлө баштады

Кыргызстанда уяң жүндүү кой жүнүнөн органикалык жер семирткичтер жасала баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Мал чарба ветеринария жана жайыт бөлүмүнүн башчысы Элвира Мамбетова 25-октябрда “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

- Биз буга чейин уяң жүндүү койдун  жүнүн кездемелерге, сувенирлерге жана башка буюм жасоодо колдонуп келгенбиз, ал  эми койдун кылкандуу жана катуу керексиз болгон жүнүн ыргытып келсек, эми аны  жер семирткич багытында колдонолу деп чечтик, - деди Элвира Мамбетова.

Учурда Нарын жана Ак-Суу райондорунда уяң койдун жүнүнөн органикалык жер семитркичтерди өндүргөн эки цех ачылды. Ишин жаңыдан баштаган бул цехтер жер семирткичти өндүрүүчү технологияларды иштеп чыгууда. Ак-Суудагы чакан ишканада азыркы учурда Кытайдан атайын жабдуулар алып келинип, кой жүнүнөн органикалык жер семирткичтерин чыгарууга даярданууда.

Нарындагы жер семирткичти өндүрүүчү ишкана толук түрдө ишин баштап, “Агро Экспо” көргөзмөсүндө биринчи жолу продукцияларын 50 сомдун тегерегинде сатты.