Жаңылыктар
Президент Жумгалда дайынсыз болгон ата-баланы издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Жумгалда дайынсыз болгон ата-баланы издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 16-октябрда Жумгал районунун Өрнөк айылынын дайынсыз жоголгон тургундарын издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлигинин кошумча күчтөрү тартылды.

Издөө натыйжалуулугун жогорулатуу максатында дрондор дагы колдонулмакчы.

Учурда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да жүргүзүлүүдө, анткени Көкөмерен дарыясы бул районго тез агып барат.

12 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан ата-баланын жакындары президенттен жана министрлер кабинетинен жардам сурап кайрылып, аларды издөөгө кошумча күч, кайык, дрон, суу астында көрүүчү камера, вертолет берүүнү суранышкан.

Куткаруучулар маалымат түшкөн күндөн тарта издөө ишин жүргүзүп жатышат. Издөөгө Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнөн жана жергиликтүү тургундардан дагы тартылууда, тилекке каршы азырынча натыйжа боло элек.

16-октябрь күнү Жумгал районунун Өрнөк айылынын 45 жаштагы тургуну 9 жаштагы баласы менен Жансар жайлоосуна кой кайтарууга кеткен бойдон дайынсыз болууда.