Улуттук банктан билдиришкенге караганда, жумалык 28-октябрдан 1-ноябрга чейин созулат.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөнүн негизги максаты - калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча топтоо маданиятын калыптандыруу жана акча ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга дем берүү.
Дүйнөлүк каражат топтоо жумалыгынын алкагында 28-октябрдан 1-ноябрга чейин Бишкек шаарында жана аймактарда ачык сабактар, лекциялар, интерактивдүү оюндар, экскурсиялар, ачык эшик күндөрү, сынактар жана викториналар өткөрүлөт. Иш-чаралардын жүрүшүндө үнөмдөөнүн маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору тууралуу маалымат берилет.