Өлкө бюджетине “Коопсуз шаар” долбоорунан 687 млн. сомго чукул акча түшкөнү тууралуу маалымат финансы министрлигинин отчетунда камтылган.
Бул ушул жылдын январь айынан сентябрга чейин алынган көрсөткүч жана былтыркы жылдын 9 айындагы суммадан 205,5 млн. сомго көп.
Быйыл январь-сентябрь айларында “Коопсуз шаар” долбоорунун айыппул туумдары жана каржылык санкциясыныны суммасы 15 миллион сомдон ашты.
18-сентябрда Президент Садыр Жапаров “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Ички иштер министрлиги “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болгон.