Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Жумадылов билдирди. Анын айтуусунда, күн сайын 16-20 киши ооруга чалдыгып жатат. Калктын инсульт тууралуу маалыматы жетишсиз.
- Ооруга кан басымдын жогорулашы, кандагы холестериндин көбөйүп кетиши жана кант диабети себепкер. Мындан башка стресс факторлору бар. Инсультка чалдыгып келгендердин жарымынан көбу кан басымынын жогору экенин билбей жүргөндөр. Билгендер болсо врач жазып берген дарыларды ичпейт. Ушул үч оорудан сактанса эле инсультка чалдыкпайт.
Дарыгердин белгилешинче, азыркы учурда Кыргызстанда каза болгон бейтаптардын 75 пайызы инсульттан ажал табууда. Ооруга чалдыккан бейтаптардын 80 пайызы майып болуп, ишке жарабай калып жатат. Ошондуктан ар бир жаран инсультка чалдыкпоо үчүн жеткиликтүү маалымат алууга тийиш.
Саламаттык сактоо тармагында ооруну алдын алуу максатында СОККУ протоколу кабыл алынган. "С" — сүйлөөсү бузулат, "О" — оозу кыйшаят, "К" — көрүүсү, “К” - кыймылы начарлайт, "У" убакытты кетирбеш керек. Мындай белгилер дароо тез жардамга кайрылууну талап кылат.