Жаңылыктар
Жыл башынан бери 13 тоннадан ашуун алтын казылып алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Жыл башынан бери 13 тоннадан ашуун алтын казылып алынды

9 айдын жыйынтыгы боюнча тоо-кен тармагынан бюджетке 26 миллиард 700 миллион сом түштү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Геология башкармалыгынын башчысы Рустам Бейшен уулу Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 2 миллиард 400 миллион сомго көп болгон.

Республикада жыл башынан бери 13 тонна 374 киллограмм алтын, 1 миллион 590 миң тонна көмүр казылып алынган.