Акыркы күндөрдө коомчулукта өлкө гимнин алмаштыруу боюнча кайчы пикирлер айтылып, кызуу талкуу жүрүүдө. Буга байланыштуу “Кабар” агенттиги мамлекет башчысына кайрылып, пикирин укту.
— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!
— Саламатчылык!
— Учурда мамлекеттик гимнге байланыштуу талкуу ЖМКда да, социалдык тармактарда да кызуу жүрүүдө. Бир бөлүгү башка иш калбай калдыбы, кереги жок дешсе, бир бөлүгү ооба, чын эле алмаштырып койсо болот дешүүдө. Гимнди өзгөртүш керек деген маселе боюнча сиздин пикирди билсек?
— Өзгөртүп койсок жакшы эле болот. Жаңылап койсок анын эмнеси жаман? Азыркы гимнибиз 33 жыл мурда азаттыкка чыгып, эгемендүүлүк алган жылдарда жазылган. Мына биз азат болдук, мына биз эгемен өлкө болдук, кыргыз эли өз тагдырың колуңда, алгалай бер деп ошол мезгилде гимн жазгандар кубаныч менен толкундануу менен жазышкан. Андан бери 33 жыл өттү. Биз мамлекет катары толук калыптандык. Дүйнө жүзүнө таанылдык. Эми жүз жыл өтсө да азаттыкка чыктык, эгемен өлкө болдук деп ырдап жүрө беребизби?
Ошондуктан эми өз алдынча мамлекет экенибизди, 5 миң жылдык тарыхыбыз бар эл экенибизди ырдап, жаштарга, келечек муундарга дух бере турган гимн жазып койсок эмнеге болбосун? Албетте азыркы гимнибиз дагы унутта калбайт. Биринчи гимнибиз катары архивде тарых болуп кала берет. Тууну оңдоп коёлу дегенде да айрым демогог, популисттер каршы чыгышты эле. Азыркы туубуз жаман болдубу? Мурдагы туудан бир тепкич өйдө болду. Мурдагы туубуздагы күндүн белгиси же күн карама эмес, же «пилораманын» арасы эмес түшүнүксүз эле белги болчу. Азыркы тууну көргөн адам дароо эле күндүн нуру экенин түшүнөт. Жаркырап турат.
— Адатта коомчулук кайсыл бир теманы кызуу талкуулап баштаганда саясатчылар дагы четте калбайт. Гимн темасы да саясатчылардын көңүл сыртында калган жок. Алсак, Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин төрагасынын гимнди өзгөртүү тууралуу оюн, ал өзүнүн пикири эмес деп, тарыхка карата чыккынчылык катары баалады. Ушул боюнча комментарий бере аласызбы?
— Адахан байкуш алжып калган. Ага көңүл бурбай эле койгула. Ал бүгүн өзүнүн айтканына эртең каршы чыга берет. Учурдагы кырдаалга карата пикирин жана позициясын өзгөртүп кете берген адамдарды мамлекетчил адам деп айтууга болбойт. Андай адамдар өзүмчүл болушат. Мен эле болушум керек, менден башка эч ким эмес дешет.
Бир мисал келтирейин. 2009-жылы мен Комиссар болуп иштеп турганымда «Транспаренси интернешнл» эл аралык уюмунун жетекчисин ээрчитип алып Адахандын кабыл алуусуна баргам. Анда ал мамлекеттик катчы болуп турган. «ӨЛКӨНҮН ЭҢ БАШКЫ ИДЕОЛОГУ» эле да. Алар чыгып кеткенден кийин Адахан мени алып калып столунун үстүндө жаткан кагаздарды алып мага көргөздү. Кагазда жаңы туу, жаңы гимн, жаны герб тартылган экен. Туунун өңү көк экен. Мына ушуларды алмаштыруу боюнча маселе көтөрүп жатам. Илгери биздин туубуз көк болгон. Манас атабызда да көк асаба деп айтылат. Ал эми бул гербдеги бүркүттү карасаң. Балтыры тооктун санындай болуп турат. Бүркүт дегендин балтыры жоон болуш керек деген.
Мен «ии ооба, туура айтасыз, өзгөртсөк туура эле болот экен. Желек да жарашыктуу болуптур. Сиз кыйын адамсыз ушунун баарын байкаган» деп мактап коюп кете бергем. Анысын унутуп калса керек бечара?
Анысын коёлу кечээ жакында эле «Курултайсыз өнүгө албайбыз, Курултай бизге аба менен суудай керек» деп сүйлөп жүргөн сөзүн бүгүн унутуп калып Курултайга каршы чыгып жүрбөйбү.
Эми гимнди эртең эле өзгөртө коёлу деген маселе жок. Гимнди чыгармачыл адамдар, композиторлор, акындар жазып, элге салыш керек. Көпчүлүк эл колдогон гимнди кабыл алсак жаман болбойт. Гимнди окуучулардан баштап ак сакал ата-апаларыбызга чейин ырдап турса кандай сонун. Керек болсо той-концерттерде ырдалып турса эмнеси жаман. Гимндин мазмуну мамлекетибизди даңазалоо, жарандарыбызды мекенчилдикке, биримдикке, ынтымакка чакыруу, мамлекетибизди түбөлүккө сактап калалы деген ураандар болуш керек. Өмүр бою эле азаттыкка чыктык деп жүрө беребизби?
Кытайдын архивдеринде биздин 5 миң жылдык тарыхыбыз бар экенин далилдеп турат. Азыр биздин тарыхчылар архивдерин казып, материалдарды алып кыргызчага которуп жатышат.
Биз эмне үчүн орто кылымдарда мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алганбыз? Жалаң ушундай бирин бири көрө албастык кылган, бут тоскон, ичи тар, бузуку адамдардын кесепетинен бир кездерде мамлекетибизди жоготуп алганбыз.
Эми мына кайрадан мамлекетибизди түптөп, бекемдеп алгандан кийин андай пастыка барып, кайрадан мамлекетибизди жоготуп албашыбыз керек.
Чыныгы мамлекетчил адам болсоң бир сөздө, бир позицияда «КАККАН КАЗЫКТАЙ» турушуң керек. Бүгүн бирди сүйлөп, эртең башканы сүйлөгөн бул эркек адамдын иши эмес.
— Суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн рахмат.
— Ишиңерге ийгиликтерди каалайм!
Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев.