Жаңылыктар
Яндекс таксиге бишкектиктер бир жылда 4,5 млрд. сом коротту
Кыргызстан жаңылыктары
Яндекс таксиге бишкектиктер бир жылда 4,5 млрд. сом коротту

Акыркы бир жыл ичинде бишкектиктер Яндекс таксиге 4,5 млрд сом коротконун Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев УТРКнын сайтына билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги такси кызматынын 97 пайызын Яндекс аткарат.

– Азыр бизге такси кызматын көрсөтүү боюнча өтө көп кайрылуулар түшүп жатат. Биз атайын талдоо жүргүзүп, эсептеп чыктык. Бишкек шаарында Яндекс фирмасынын такси кызматы 97 пайызды түзөт экен. Башка компаниялар 3 пайыз гана такси кызматын көрсөтөт. Былтыркы жылдан бери бишкектиктер Яндекс таксиге 4,5 млрд. сом коротушуптур. Азыркы күндө Яндекс таксинин өкүлчүлүгү Бишкекте ачылган. Алар салык боюнча маселенин бардыгын чечип, Кыргызстандын бюджетине салык төлөп жатышат. Биз азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, баасынын кымбаттыгы, аны арзандатуу маселелерин карап жатабыз. Анын жыйынтыгы жаңы жылга чейин белгилүү болот.

Женалы Орозбаевдин айтымында, мындан тышкары Яндекске бир канча талаптар коюлду. Алардын арасында жүргүнгүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана эскилиги жеткен унааларды таксиге чыгарбоо талаптары да бар.