Жаңылыктар
Көмүр баасына көзөмөл: Бишкекте бир тонна көмүр 5500 сомдон ашпашы керек
Кыргызстан жаңылыктары
Көмүр баасына көзөмөл: Бишкекте бир тонна көмүр 5500 сомдон ашпашы керек

15-сентябрдан тарта 90 күнгө киргизилген мамлекеттик жөнгө салууга ылайык, Бишкек шаарында "кара алтындын" бир тоннасы 5500 сомдон ашпашы керек. Эгер бул баадан ашырып саткандар аныкталса аларга тиешелүү чара көрүлүп, айып пул салынат.  Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев бүгүн УТРКнын сайтына билдирди.

Учурда көмүрдүн баасы ташып келүү чыгымына жана сапатына жараша ар кайсы аймакта ар кандай. Ар бир аймак үчүн өзүнчө баа бекитилген. 

Ал эми Казакстандын Кара-Жыра менен Шабыркүл көмүрлөрү тоннасы 6300 сомдон, өзүбүздүн Кара-Кеченин көмүрү 6000 сомдон ашпашы керек.

Учурда Бишкекке күнүнө 150 тонна көмүр алып келинет. Жакынкы аралыкта күнүнө 250 тоннадан ташып келүү пландалууда.