“Мега” компаниясы Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына уюлдук байланышты орнотконун, бул боюнча компаниянын башкы директору Элнар Субакожоев мамлекет башчысына Зардалыдан байланышка чыгып, маалымат бергенин бүгүн Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Президент Садыр Жапаров аталган айылга ушул жылдын 29-сентябрында барган.
Анда айыл тургундары жол салуу жана электр жарыгын жеткирүү менен катар уюлдук байланыш маселесин чечип берүүнү өтүнгөн эле. Садыр Жапаров бул боюнча тиешелүү жетекчилерге атайын тапшырмаларды берген.
Зардалы – Баткендин эң төрүндөгү аска-зоолор арасындагы чакан кыштак. Айылда азырга чейин электр энергиясы жок, кышкысын унаа каттаган жол да жабылат. Бул кыштактын аты 1999-жылы өздөрүн “Өзбекстан ислам кыймылы” атаган террордук топтун жоочулары кол салганда дүйнөгө дүң болгон.