Жаңылыктар
Ноокатта төрт тилкелүү жаңы жол ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ноокатта төрт тилкелүү жаңы жол ачылды

Ош облусунун Ноокат районунда бүгүн, 31- октябрда узундугу 6 чакырымды түзгөн 4 тилкелүү жол реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди.

Расмий маалыматка караганда, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаев жана жергиликтүү жетекчилер менен тургундар катышты.


Ноокат шаарын аралап өткөн Ош - Баткен - Раззаков эл аралык маанидеги жолу 4 тилкелүү болуп, ирригация, жарыктандыруу, жашыл зона жана тротуарлар 80 пайыз жасалды. Калганы 10-ноябрга чейин жасалып бүтөт. Курулуш иштеринде 50гө жакын атайын техника иш алып барды.


Ош - Баткен жолунун Ноокат районундагы бөлүгүндө мындан сырткары Кыркол-Сай көпүрөсүнүн реконсрукция иштери 80 пайызга аяктап, 10-ноябрга чейин ишке берилиши күтүлүүдө. Ошондой эле Чили-Сай көпүрөсү менен Абшыр-Сай көпүрөлөрү толугу менен жасалып бүттү.