1-ноябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу унаа жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16,
Баткенде түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12,
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +14…+16 градус жылуу болот.