Инфляциянын эсептик көрсөткүчү төмөндөп, жылдык инфляциянын көрсөткүчү 2024-жылдын октябрь айына карата 4,6 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук Банктын расмий өкүлү Аида Карабаева УТРК сайтына билдирди.
Анын айтымында, жылдын башында инфляциялык көрсөткүч 7,3% төмөндөп, 4,6 пайызды түздү. Өлкөдө инфляция орто мөөнөткө каралган 5-7 пайыздык көрсөткүчтөн төмөн деңгээлде сакталып турат.
Улуттук Банк эсептик ченди 9% менен калтырды, чечим 29-октябрдан баштап күчүнө кирди.
Инфляция түзүмүндө азык-түлүккө баалардын жылдык өсүшү – 2,4 пайыз, азык-түлүктөн башка товарларга – 4,1 пайыз, ал эми кызмат көрсөтүүлөргө баалар – 8,4 пайыз деңгээлинде түптөлгөн.
2024-жылдын январь-сентябрь айларында реалдуу ИДӨнүн өсүшү 8,4 пайызды түзгөн. Соода жүргүзүү жана негизги капиталга инвестициялоо көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен кызмат көрсөтүү жана курулуш секторлору өлкөнүн экономикалык жигердүүлүгүнө олуттуу салымын кошууда.
“Ички инфляция көрсөткүчү план чегинде басаңдагандыгына карабастан, кыска мөөнөттүү келечекте инфляцияга түрткү берүүчү тобокелдиктер, мурдагыдай эле сакталып турат», — деп айтылат Улуттук Банктын маалыматында.