Жаңылыктар
Алайда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду
Кыргызстан жаңылыктары
Алайда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун такталган маалыматына таянуу менен бүгүн саат 16:02де Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталганын билдирди.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга (Кара-Киндик айылынан 8 чакырым түштүк-батышта, Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түндүк-чыгышта, Ош шаарынан 110 чакырым түштүк-чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.