Жаңылыктар
Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келет
Кыргызстан жаңылыктары
Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келет

Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-ноябрда мамлекеттик сапар менен Кыргыз Республикасына келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Бул сапардын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын мамлекет башчыларынын тар форматтагы сүйлөшүүлөрү, ошондой эле эки мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин алтынчы жыйыны пландаштырылган. Анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат. Сапардын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын кеңейтүүгө жана мамлекеттер аралык мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Ошондой эле 6-ноябрда Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун Саммитине катышат.