Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 5-ноябрда Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Алдыдагы сапардын алкагында Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири маселелерин талкуулашат.
Сапардын жыйынтыгы боюнча кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюу пландаштырылууда.
Ошондой эле 6-ноябрда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.