6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи саммити өтөт. Саммиттин темасы - “Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук”. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Саммитте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашат, Уюмдун учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча чечимдер кабыл алынып, ошондой эле бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде саммиттин жыйынтыктоочу декларациясына кол коюлат.
Саммиттин жыйынтыгы боюнча 2025-жылга Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт.
Кыргыз Республикасынын бул уюмга алдыдагы төрагалыгы мезгилинде мүчө мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо, экономикалык өсүш жана региондо жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган.
Саммиттин ишине уюмга мүчө беш мамлекеттин - Түркия Республикасынын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Кыргыз Республикасынын башчылары, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.