Дубайда дайынсыз жоголго кыргызстандык кыз табылып, туугандарына аман - эсен өткөрүлүп берилгенин Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Эске салсак, буга чейин Дубай шаарында кыргызстандык кыз дайынсыз жоголуп, Кыргызстандын Башкы консулдугу ыкчам түрдө шаардын ыйгарым укуктуу органдарына дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жаранын издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.
Жоголгон жарандын туугандарынан алынган акыркы маалымат боюнча, аталган жаран Дубай шаарынын аэропортунда болгон жана чет жакка учууну пландап жатканы белгилүү болгон.