Кыргызстан 2030-жылга чейин мамлекеттик активдерди башкаруунун алдыңкы ыкмаларын ишке киргизүүгө, инвестиция тартуу үчүн платформаны өнүктүрүүгө, дүйнөлүк фонд биржаларына чыгууга жана ички дүң өндүрүмүнүн деңгээлин дагы 2 эсеге жогорулатып, 30 млрд. долларга жеткирүү ниетинде.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн Бишкекте өтүп жаткан "Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү" деп аталган улуттук өнүктүрүү форумунда билдирди. Анын айтымында, учурда Министрлер кабинети 2030-жылга чейинки өнүгүүнүн улуттук программасынын үстүнөн иштөөдө. Анда узак мөөнөттөгү сыноолордон өтүү жана өлкөнүн потенциалын ачуу боюнча чаралар каралган.