Жаңылыктар
Нарында 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө 500 миң сом жана үч бөлмө үй берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө 500 миң сом жана үч бөлмө үй берилди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарындагы иш сапарынын алкагында  25-октябрь күнү Нарын шаарында үч эм кызды жарыкка алып келген Алтынай Майрамбекова менен кыздарынан кабар алды. 

Ал жарыкка келген кыздарга өмүр, ден соолук каалап, ата-энесине күч кубат, бактылуу үй-бүлө болушун тилек кылып, көп балалуу болууга үндөдү. Аны менен катар эле президенттин атынан 500 миң сомдун жана Нарын шаарында салынып жаткан Мамлекеттик ипотекалык үйдөн үч бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды. Мындан тышкары үч эм кызга коляска, оюнчук, чоң энесине, тайенесине жана төрөттү кабыл алган дарыгерине гүл белек кылды.

Ал эми дубан башчы Алтынбек Эргешов 35 миң сомдун сертификатын ыйгарды. Нарын шаардык мэриясы буга чейин 30 миң сомдун сертификатын тапшырган болчу.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт үйүнүн Наристелер бөлүмүн башчысы  Гүлмира Алыбаеванын айтуусунда, кыздарга Ажар, Анара, Саадат деген ысымдар коюлган. Учурда эне-балдардын абалы туруктуу, эне сүтү менен багылууда.

Биринчи кыз – 2 кг. 320 гр, экинчи кыз – 2 кг. 472 гр, үчүнчү кыз – 1 кг. 620 гр салмак менен төрөлгөн. Үч эм кыз жаш үй-бүлөнүн биринчи балдары. Нарын шаарында мындан 16 жыл мурун үч эм балдар төрөлгөн.