Жаңылыктар
Нарында "Керемет" бала бакчасы колдонууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында "Керемет" бала бакчасы колдонууга берилди

4-ноябрда УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин балдарына арналып салынган "Керемет" бала бакчасы пайдаланууга берилди. Анын ачылыш салтанатына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, кызыл тасмасын кести.


Салтанатта Камчыбек Ташиев бала бакча акжолтой болушун тилек кылып, бул жерде УКМКнын, чек арачылардын, милиция органдарынын балдары тарбиялана турганына токтолду.

“Мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жашоосу, иштөөсү үчүн шартын түзүү боюнча президенттин түздөн-түз тапшырмасы бар. Ал тапшырмаларды аткаруунун бир үлгүсү ушул бакчанын курулуп ишке берилиши. Буюрса УКМКнын, чек арачылардын, милиция органдарынын  кызматкерлеринин балдары үчүн жакшы шарттар түзүлүп жатат. Мындай шарттар УКМКда эле эмес жөнөкөй адамдардын ар биринде болушу зарыл. Балдарыбызды тарбиялоо, кийинки муундарды жашоого, турмушка даярдоо биздин негизги милдеттерибиздин бири. Себеби, келечекте мамлекеттин коопсуздугун карай турган кыргыз мамлекетинин мындан ары учугун улап кете тургандар биздин  жаш балдарыбыз. Андыктан биз алардын жакшы билим алып, жакшы тарбияланышына шарт түзүшүбүз керек”, - деди Камчыбек Ташиев. 

Жаңы курулган бакчанын жалпы аянты 700 чарчы метрди түзүп, 120 балага ылайыкталган.