Жаңылыктар
Эми көп бала төрөгөн энелерге 2 миллион сомго чейин берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Эми көп бала төрөгөн энелерге 2 миллион сомго чейин берилет

Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусундагы бала бакчанын ачылышында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Камчыбек Ташиев мамлекеттин коопсуздугу элинин санына жараша болорун, учурда өлкө жетекчилиги тарабынан бийик тоолуу аймактарда жашап, көп бала төрөгөн энелерге 2 миллион сомго чейин сүйүнчү пул берүү боюнча атайын программа иштелип жатканын да белгиледи.

- Биздин балдарыбыз көп болушу керек. Кыздарыбыз, келиндерибиз көптөн төрөшү керек, көп балалуу болушубуз керек. Азыркыдай бирден, экиден бала төрөбөй, 5тен 10го чейин бала төрөшү зарыл. Мына ошондо гана Кыргызстан өнүгүп-өсөт. Кээ бири муну тамаша деп ойлошу мүмкүн. Бирок бул өтө олуттуу маселе. Мамлекеттин коопсуздугу элинин санына жараша болот, элибиздин саны өсмөйүнчө коопсуздугубузду сактай албайбыз. Дүйнөдө канчалаган өзгөрүүлөр болуп жатат. Тегерегибизде канча деген чоң-чон саны көп мамлекеттер бар. Бизде салыштырмалуу балдардын төрөлүүсү аз болуп жатат. Мамлекет тарабынан жаш балдарга шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Биз бала бакча, мектеп, окуу жайларды салып, бардык шарттарды түзүп беребиз. Мындан ары төртүнчү баласын төрөгөн энеге мамлекет тарабынан сүйүнчү катары 100 миң сомдон, бешинчини төрөгөндөргө 600 миң сомдон, жетинчи баласын төрөгөндөргө миллион сом, сегиз, тогузду төрөгөнгө бир жарым миллион сом, ал эми онду төрөгөндөргө 2 миллион сомдон акча берилет, - деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.