Жаңылыктар
Бишкек – Түрк дүйнөсүнүн санарип борбору болот
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек – Түрк дүйнөсүнүн санарип борбору болот

Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын XI саммитинде Бишкек – Түрк дүйнөсүнүн санариптештирүү боюнча борбору деген чечим кабыл алынарын бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев билдирди.

Анын айтымында, Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын XI саммитинде ондон ашуун документтер жана бир нече келишимдер каралат. Анын ичинде Бишкек санариптештирүү боюнча Түрк дүйнөсүнүн борбору деген чечими да кабыл алынат:

- Баары бул чечимге макул болду. Анткени Кыргызстандын акыркы жылдары өзгөчө санарип тарабынан жасаган кадамдары чынында колго алынчу нерсе. Мен бир гана кыргыз жараны, же кыргыз дипломаты катары эмес, эл аралык уюмдун башчысы катары муну белгилеп кетким келет.

Бишкекте 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун XI саммити өтөт. Ага Түркия, Азербайжан, Казакстандын, Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттери, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катышат.