Бишкекте «Жашыл экономика» -Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн негизи –деген аталышты жыйын болуп, өлкөдө аны жайылтуу маселеси талкууланды.
Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин айтымында, «Жашыл экономиканы» туруктуу энергияны каржылоо программасы менен биргеликте келечекте түзүү керек.
Эске салсак, Европа өнүктүрүү банкы Кыргызстанда энергияны үнөмдөөгө жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга түрткү берүү максатында 35 млн долларлык жаңы насыя линиясын ачкан.