Жаңылыктар
Түркия Кыргызстандын 58,8 миллион доллар карызын кечти
Кыргызстан жаңылыктары
Түркия Кыргызстандын 58,8 миллион доллар карызын кечти

Түркия Кыргызстандын тышкы карызын кечти. Ал каражат жашыл экономикалык долбоорлорго жумшаларын президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушканда билдирди.

Садыр Жапаров буга чейин тышкы карызды жашыл экономикага алмаштыруу боюнча демилге көтөрүп, өнөктөш өлкөлөргө жана каржы уюмдарына кайрылган. Мындай чечим менен Түркия президенти Садыр Жапаровдун карызды жашыл экономикага алмаштыруу демилгесин колдоду.

Мамлекет башчысы Түркиянын президентине бул чечимди кабыл алганы үчүн ыраазычылык айтты.

Кыргызстан 2012-2015-жылдар аралыгында социалдык жана экономикалык долбоорлор үчүн Түркиядан 100 миллион доллар карыз алган.  Учурда анын 58,8 миллион доллары калган. 

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган 4-ноябрда Бишкекке мамлекеттик сапар менен келген.