Жаңылыктар
Кыргызстан менен Түркия ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,9 пайызга өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Түркия ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,9 пайызга өстү

2019-2023-жылдар аралыгында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,9  пайызга өстү. Анын ичинен импорт 2 эсе, экспорт 1,7 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. 

Анын айтымында, 2019-жылы экспорттун көлөмү 90 миллион доллардын  тегерегинде болсо, 2023-жылы 150 миллондон ашкан. Түркия мамлекетине негизинен төө буурчак, кургатылган мөмө-жемиштер, айыл чарба азыктары,  ошондой эле механикалык тетиктердин ар кандай түрү, иштетилбеген тери жана башкалар экспорттолот. Түркиядан жеңил жана машина куруу өнөр жайы тармагындагы продукциялар импорттолот.

Түркия Республикасы инвестициялардын салымы боюнча 5 ири мамлекеттин  катарына кирет. 2024-жылдын 9 айында эле 61 миллион доллар түз инвестиция тартылган. Жалпы инвестициялардын көлөмү 300 миллион долларды түзөт.