Түркияда Кыргызстандын соода үйү ачыларын экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.
Соода үйүнүн ачылышы Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларды экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт. Ошондой эле инвесторлорду тартуу, келишимдерди түзүү, В2В жолугушууларды уюштуруу аянтчасына айланарын Назарбек Малаев баса белгиледи.
Кыргызстандын соода үйлөрү буга чейин Кытай Эл Республикасында, Россия Федерациясында ачылган. Алдыда Өзбекстанда да ачуу пландалууда.