Жаңылыктар
Уулдарын мушташтырган аталар шарттуу түрдө эркинен ажыраталышты
Кыргызстан жаңылыктары
Уулдарын мушташтырган аталар шарттуу түрдө эркинен ажыраталышты

Өзгөндө 6-7 жаштагы уулдарын мушташтырган эки атаны Өзгөн райондук соту эки жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. 

Сот өкүмү 10 күндүн ичинде күчүнө кирет. 

Эскерте кетсек, ушул жылдын август айында Өзгөндөгү Кош-Коргон айылынын тургундары өздөрүнүн уулдарынын ортосунда мушташ уюштурган. 

Эки баланын канжалап, ыйлаганына карабастан, аталары сүрөп турган видео интернетке тарап, коомчулукта катуу сынга алынган.