УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери бир жыл ичинде миллиард сомго бааланган мүлктөрдү мамлекетке кайтарышты.
Бул тууралуу дубан башчы Алтынбек Эргешов аталган башкармалыктын кызматкерлеринин балдарына арналып салынган бала бакчанын ачылышында билдирди:
- Бул үчүн УКМК төрагасына жана кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Ак-Талаадгы, Кочкордогу чоң автобаза, Нарын шаарындагы миллиард сомго бааланган туристтик комплекс, “Ала-Тоо” мейманканасынын алдындагы жер тилкеси, эт комбинатынын жанындагы жер тилкеси кайтарылды. Бул жаатта жакшы жыйынтыктар болуп жатат.
УКМКнын ардагери Абдырахманов экономиканын төрөрүлүшү менен өлкөдө социалдык обьектилердин, жолдордун, чакан ишканалардын курулушу жүрүп жатканын, анда Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин салымы чоң экенин айтты. Ардагер акыркы тогуз айда эле Нарын облусунда 12ден ашык объект, 65 миллион сом накталай акча мамлекетке кайтарылганын белгиледи.