Жаңылыктар
Айтматовдун жарыяланбаган чыгармасы табылды
Маданият
Айтматовдун жарыяланбаган чыгармасы табылды

Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун кыргыз тилинде жарыяланбаган "Чоор жана жер" аттуу чыгармасы табылды. 

Бул боюнча Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматынан кабарлады. 

Биринчи болуп чыгарма менен академик Абдылдажан Акматалиев таанышкан.

 Академиктин айтымында "Чоор жана жер" циклиндеги чыгармалар Болгариянын "Пламък" жана "Литературный фронт" журналында жарыяланган. 

Ошондой эле 1974-1976-жылдары жазуучунун болгар тилинде жарык көргөн эки томдук чыгармалар жыйнагына кирген. 

Чыгарма Чүй каналынын курулушуна арналган аңгемелерден турат.